07.06.2018 10:10

Ысык-Көлдө «Карагат-Фест-2018» фестивалы өтөт

Ысык-Көлдө  «Карагат-Фест-2018» фестивалы өтөт

Ысык-Көл облусунун Темировка айылында  4-августта  “Карагат-Фест-2018” аталышындагы  мөмө-жемиштер фестивалы өтөт.  Аны  “АВЕП” коомдук уюму “Кумтөр” компаниясынын акчалай  колдоосунун арты менен 5 жылдан бери уюштуруп келет.

Фестивалдын максаты – Ысык-Көл облусунун мөмө-жемиштерин жергиликтүү жана чет элдик рынокко таанытып, чыгаруу.

Майрамдык программада  жемиштердин парады, дыйкандардын жарманкеси, техникалык жабдыктардын көргөзмөсү, мастер-класстар, конкурстар жана концерттик программалар каралган.  

Жарманкеге келгендер мөмө-жемиштерди  өндүрүүчүлөрдүн  колунан  сатып ала алышат.

Иш-чара 4-август күнү саат 13:00дө башталат.